Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Зеленскийди парламент «сындырып коюшу» мүмкүн

Дүйнө | 22 Апр 2019 | 829 | 0

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодогу добуштардын дээрлик 80 %ын санап бүттү. Анда 73% добуш менен Владимир Зеленский ишенимдүү түрдө алдыда келе жатат. Добуш берүүгө шайлоочулардын 60%ы катышкан. Ал эми 11 млн. шайлоочу добуш берүүгө катышкан эмес.

Маалым болгондой, Украинада президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Владимир Зеленский калкка кайрылуусунда постсоветтик өлкөлөргө карата да өз пикирин, «Мен азырынча расмий президент эмесмин. Бирок катардагы украин жараны катары бардык постсоветтик өлкөлөргө кайрылып кетким келет: Мына бизден үлгү алгыла, бизде баары болушу мүмкүн» — деп билдирген.

Серепчилердин пикиринде, Зеленскийдин Украинадагы шайлоодо жеңип чыгышы КМШ мамлекеттери үчүн чоң чакырык болгону талашсыз. Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов, бул көрүнүштү: «Постсоветтик аймактагы демократия өз мөмөсүн берип жатат», — деп сыпаттады.

«Зеленскийдин шайлоодо жеңип чыгышы чындыгында эле, КМШдагы авторитардык өлкөлөр үчүн чоң белги болду. Ал «Бизден үлгү алгыла» деген сөзү менен, силер да аракет кылсаңар ушундай шайлоо өткөрө аласыңар деп айткысы келгени байкалып турат. Албетте, бул эң эле биринчиден Орусия, Белоруссия, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан үчүн өтө маанилүү. Ал эми Кыргызстан, Грузия жана Украина башкалардан айырмаланып, саясий багыты бир алкактагы өлкөлөр болуп саналат. Бул шайлоо акыркы 25 жылдагы демократиялык аракеттердин жыйынтыгы десек болот. Себеби, буга чейин демократия бизге эч нерсе берген жок деген пикирлер айтылып келбеди беле. Негизи эле саясатта такыр тажрыйбасы жок адамдардын бийликке келиши АКШ президенти Дональд Трамп менен башталган. Ошол эле Франциянын президенти Эммануэль Макронду да буга мисал кылса болот». 

Украинанын жаңы президенти эң алгачкы жумушу катары кадрдык өзгөртүүлөрдү жасай турганын айтууда. Ошондой эле ал украина саясатындагы олигархтарды тазалоо ниетин да буга чейин билдирген. Бирок анын бул мүдөөсүн ишке ашырууга президенттик шайлоону жеңгени жетиштүүбү деген суроо пайда болот. Анткени азыркы тапта жеңилүү ызасын тарткан Порошенконун  партиясы парламенттиги көпчүлүктү түзүп, 135 эл өкүлү Жогорку Радада отурат. Мындан улам, саясий серепчилер саясатта тажрыйбасы жок Зеленскийди алдыда бир топ оор сыноолор күтүп турганын кошумчалайт Эдил Осмонбетов.

«Зеленский шайлоодо жеңди, бирок анын кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жасайт деп айтууга али эрте. Анткени, Украинада парламент күчтүү жана президентке басым кыла алат. Алар Зеленскийдин өзгөртүүлөрүн колдобой коюусу да мүмкүн. Мындан улам, Зеленский президенттикке киришкенден кийинки алгачкы 100 күндө эмнелерди жасай алат? Ошого жараша анын саясий багытын аныктаса болот». 

Зеленский президенттик кызматка качан расмий киришери азырынча айтыла элек. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо, добуш берүү процесси жалпысынан алганда одоно мыйзам бузуусуз өткөнүн айтып, расмий жыйынтыкты 4-майга чейин жарыялай турганын билдирген. Ал эми инаугурация Украинанын баш мыйзамына ылайык 3-июнга чейин болуп өтүшү зарыл.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM