Биз менен байланышыңыз

Малика Боотаева дүйнөлүк мелдеште күмүш медаль тагынды

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2019 | 676 | 0

Кыргызстандык Малика Боотаева джиу джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынды.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Джиу джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-апрелде  Абу Даби шаарында башталды. Кыргызстандык Малика Боотаева 62 кг салмак категориясында кыздар арасында өткөн таймашка катышты.

Джиу джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалды украиналык кыз, коло медалды Колумбиянын өкүлү алды.

Аталган таймаш 20-апрелден 27-апрелге чейин уланмакчы.

Кошумчалай кетсек, Малика Боотаева 34 жашта жана 4 кыздын апасы. Кыргызстандын атынан джиу джитсу боюнча  дүйнөлүк аренага чыккан жалгыз аял.

Copyright © 2017 Maral FM