Биз менен байланышыңыз

Ошто «Сулайман-Тоодо түрк элдеринин маданияты» аталышындагы иш-чара болуп өттү

Кечээ, 20-апрель күнү Ош шаарындагы Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде эл аралык «Сулайман-Тоодо түрк элдеринин маданияты» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чара  «Ош шаары — түрк элдеринин маданий борбору» аттуу салтанаттын алкагында уюштурулган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеңештин төрөгасы Жапарбек Ормонов жана башка өкүлдөр катышты.

Иш-чараны утурлай Ош шаары жана Сулайман- Тоо сүрөт көргөзмөсү орун алды. Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия, Македония, Сербия, Азербайжан, Башкыртстандан келген өкүлдөр маданий программаларын тартуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM