Биз менен байланышыңыз

«Жети облуска бирден инновациялык мектеп ачылат»

Без рубрики , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 763 | 0

Облус жетекчилеринин ишин баалоодогу негизги критерий катары ар бир аймакта бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» аттуу Биринчи телекоммуникациялык форумда билдирди.

Республика боюнча социалдык жактан маанилүү болгон бардык мекемелерди интернетке кошуу башталарын өлкө башчысы айтты.

«Бүгүн бул жерде облус жетекчилери отурасыңар. Силердин ишиңерди баалоодогу негизги критерий катары ар бир аймакта бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат. Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлиги атайын усулдук ыкманы жана окуу стандарттарын иштеп чыгып бекитип берет. Инновациялык мектептер аркылуу информатика, математика жана чет тил сабактары дистанттык түрдө аймактык мектептерге дагы жайылтылат», — деди мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле, «Акылдуу мектеп» долбоору боюнча мектептин негизги процесстерин санариптештирүү зарыл деп билдирди.

«Бул долбоордун алкагында мектепке окуучуларды алууда электрондук кезек киргизилүүдө. Мугалимдердин иш процессин, окуучулардын окуу процессин көзөмөлдөө санариптештирилет. Ал үчүн Өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди толугу менен интернетке туташтыруу ишин аяктоосу керек. Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 %ы интернетке туташтырылган», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM