Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 519 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош шаарында өтүп жатканы «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» аталышындагы биринчи телекоммуникациялык форумга катышып жатат.

Иш-чаранын катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда, чет элдик жана ата мекендик байланыш рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасын карашууда.

Форумга мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM