Биз менен байланышыңыз

ЖКда «Джунда» мунай иштетүүчү заводго байланышкан маселе каралат

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 428 | 0

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүнкү жыйынында «Джунда» мунай чыгаруучу ишканасына байланышкан маселени талкууга алат.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Кара-Балта шаарындагы мунай заттарын кайра иштетүүчү «Джунда» ишканасына пайдалануу үчүн сырттан алынып келинүүчү химиялык заттарды республиканын аймагына киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышын жеринен иликтөө боюнча жумушчу топтун 2018-жылдын 3-декабрындагы чечиминин аткарылышы тууралуу маселе аталган комитеттин бүгүнкү күн тартибине коюлган.

Мыйзам Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети тарабынан демилгеленген.

Парламенттик комитет бүгүнкү отурумунда ошондой эле, жаныбарларды идентификациялоо, мал чарбасындагы асылдандыруу иши, айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын корголушу, экология сыяктуу бир катар маселелерди талкууга алат.

Copyright © 2017 Maral FM