Биз менен байланышыңыз

Ошто заманбап оорукана ачылды

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 763 | 0

Ордолуу Ош шаарында бүгүн жаңы, заманбап оорукананын ачылды. Ал  Америкадан жасалып чыккан акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыз болгон.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов билдирди.

Ар тараптуу адистиктеги дарыгерлер, оорунун так диагнозун аныктоочу акыркы үлгүдөгү лаборатория, шарты мыкты палаталар, хирургиялык операциялык жабдуулар бар.

Мындан сырткары, МРТ, томография, төрөт бөлүмү жана көптөгөн башка элибизге керектүү кызматтар сунушталган. Баалары жеткиликтүү, кымбат эместиги айтылууда.

Элдин саламаттыгына кам көрүүчү мекеме Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев тарабынан салынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM