Биз менен байланышыңыз

ТИМ Кыргызстандын ШКУдагы аракеттерин талкуулады

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 461 | 0

Бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде министрликтин алдындагы тышкы саясат боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болду.

Бул тууралуу министрликтин Маалымат Департаменти кабарлады.

Анда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өз ара аракеттенүүсүнө байланышкан маселелер, ошондой эле болуп өткөн иш сапарлардын жыйынтыктары талкууланды.

Жыйын министр Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгынын алдында, Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Copyright © 2017 Maral FM