Биз менен байланышыңыз

Жасалма паспорт менен Казакстанга бараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 423 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жаранын кармады.

Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ «Токмок-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде катталган.

Казакстанга жол алган 30 жаштагы Ш. У. аттуу Кыргызстандын жараны чек арада көрсөткөн ID-card паспорту жасалма болуп чыккан.

Шектүү кармалып, тийиштүү документтер толтурулуп, улуттук коопсуздук комитетинин аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM