Биз менен байланышыңыз

«Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаты башталды

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 685 | 0

Бүгүн Ош шаарында «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот.

Кечээ Оштун борбордук аянтында «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү болду. Көргөзмөдөгү сүрөттөрдө Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстандын элинин улуттук кийимдери жана күнүмдүк тиричилиги аркылуу үрп-адат, салттары чагылдырылган.

Сүрөт көргөзмөсү ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп турат.

Ош шаары «2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM