Биз менен байланышыңыз

Ош: Борбордук аянтта түрк тилдүү өлкөлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 622 | 0

Ош шаарынын борбордук аянтында түрк тилдүү өлкөлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

«Элдик каада-салт», «Этникалык музыка», «Этникалык мода», «Кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси», «Акындар айтышы», «Этникалык тамак-аш», «Айыл чарба жарманкеси» болуп бөлүнгөн көргөзмө-жарманкеде түрк тилдүү өлкөлөрдүн турмуш-тиричилиги, каада-салты, тамак-ашы жана маданияты чагылдырылган.

Бул жарманкеге вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, элчилер, туристтер жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM