Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Эл аралык иш-чараны өткөрүүгө Ош шаары даяр

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 676 | 0

«Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу эл аралык иш-чараны өткөрүүгө Ош шаары даяр.  Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.

Таалайбек Сарыбашов иш-чаранын программасы боюнча толук маалымат берип, алдыдагы иш-чаралардын Кыргызстан үчүн мааниси зор экендигине токтолду.

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланышы жалпы өлкө үчүн чоң сыймык. Биздин мойнубузда эл аралык маанидеги салтанаттуу иш-чараны татыктуу өткөрүү жоопкерчилиги турат. Чынын айтканда, күн-түн дебей даярдык иштерин көрдүк. Маданий иш-чаралар өтүүчү жайлардын баарын даярдап, оңдоп-түзөө жана жасалгалоо иштерин жүргүздүк. Шаарга 500гө жакын чет өлкөлүк өнөрпоз жана туристтер келет. Бүгүнкү күндө аталган эл аралык иш-чараны өткөрүүгө Ош шаары даяр»,-деди шаар мэри.

Эске салсак, 2019-жылы Ош шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялоо чечими 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн 36-жыйынында кабыл алынган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM