Биз менен байланышыңыз

Эртең Ош шаарында айрым көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 464 | 0

«Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын алкагында жол тыгындарын алдын алуу жана коопсуздук үчүн маданий иш-чаралар өтчү жайлардын аймагындагы айрым кѳчѳлѳр убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

19-20-апрель күндѳрү Курманжан датка—Совет, Ленин—Нурматов кѳчѳлѳрү жана Курманжан датка көчөсүнөн Ленин—Баялинов кѳчѳсүнѳ чейин, ошондой эле Сай-Бою кѳчѳсү (Ак-Буура дарыясынын сол тарабы) жабылат.

Аталган көчөлөрдүн кесилишинде Жол кыймылын көзөмөлдөө бѳлүмүнүн кызматкерлери күзөттө болушат.

Copyright © 2017 Maral FM