Биз менен байланышыңыз

«Туристтик милиция кышында да ишин улантат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Июл 2019 | 885 | 0

«Туристтик сезон бүткөндөн кийин, туристтик милиция эмне кылат?» — деген суроолор көп берилет. Алар кадимкидей эле кызматтык милдетин уланта беришет. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөсү Уулкан Байгубатова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Туристтик милиция деп атайын штат түзүлгөндөн кийин, кышында да кызматын уланта берет. Биздин өлкөгө кышында деле туристтер келип тургандыктан, алар милдетинен бошотулбайт», — дейт Байгубатова.

Ошондой эле, туристтик милиция боюнча алгач эл: «Баягы эле жемкор милициялар да», — деп көңүл кош болуп жатышканын, алардын ишин көргөн соң, учурда жакшы пикирлер жаралганын айтты.

«Милициялар ар бир пансионатка барып, элдин маанайын билип, «Эч кандай доо жокпу?» — деп сурап, көңүлдүү эс алуу каалап жатканы эс алуучулар үчүн таң калыштуу болуп турат. Коом милицияга көз каранды. Бир нерсе болсо эле милицияга чуркап барабыз. Ал эми туристтик милиция өздөрү барып элдин жагдайынан кабар алып турушат», — деди Байгубатова.

Ал эми ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов: «Туристтер азаят деген менен коопсуздукту сактоо иштери көп. Аларды бөлүп коюшса, көп кызматтарды аткара алышат», — деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM