Биз менен байланышыңыз

Жарандык жоопкерчиликтин жоктугу. Жолдо кыйылган өмүрлөр

Күн чекит | 10 Июл 2019 | 1297 | 0

9-июлда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Маалыматка ылайык, кырсык айдоочунун уктап кеткенинен келип чыккан. Анын кесепетинен, унаа жолдон чыгып, оң капталы менен оодарылып калган. Маршруткада 15 жүргүнчү болгон. Ал эми андан мурдараак Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты катышкан жол кырсыгынан 4 киши каза тапкан.

Мындан улам, жол коопсуздугун көзөмөлдөө, айдоочулардын жоопкерчилиги жөнүндө Ички иштер министрлигинин Коомдук Кеңешинин мурдагы төрагасы Толкун Исаков менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

Марал: — Акыркы учурларда жол кырсыгы көп катталып жатат. Негизи Бишкектен Ысык-Көлгө же Ошко, айрыкча жай мезгилинде каттаган коомдук транспорттун коопсуздугуна көзөмөл канчалык?

Толкун Исаков: — Жолдогу кырдаалды комплекстүү мамиле менен чечүү керек деп дайыма сунуш берип келебиз. Маселе сөзсүз эле Патрулдук милицияда, же болбосо жаңы коюлган камераларда эмес. Эң биринчи, ар бир жаран жеке жоопкерчиликти сезе билиши керек. Экинчиден, тилекке каршы, Советтер Союзу мезгилинен бери коомдук транспорттун үстүнөн көзөмөл катуу эмес. Ошого байланыштуу да коомдук транспорттун айдоочулары ар кандай окуяларга кабылат.

Негизи жарандык жоопкерчилик тиешелүү деңгээлде болсо, мындай жагдайлар аз катталмак. Ошол эле учурда, артында ишенгени бар, акчага таянган, чоң кызматтагы жарандардын жол эрежелерин сактабай, аша чаап кеткен учурлары көбүрөөк. Ал эми жөнөкөй, мыйзамды сыйлаган, ыймандуу айдоочу жол эрежесин бузбаганга аракет кылат.

Марал: — Азыркы учурда Ысык-Көлдө жер-жерлерде атайын посттор орнотулган. Бул посттордун жол кырсыгын алдын алууда жардамы тийип жатабы?

Толкун Исаков: — Посттордун саны мүмкүн болушунча көп болгону зыян эмес. Анткени, ал пост жолдогу эле кыймылга көзөмөл кылбай, ошол тегеректеги коомдук тартиптин сакталышына да таасир этет. Менин оюмча, штат аз болгонуна байланыштуу посттордун саны жетишсиз болууда.

Бирок ар бир постто эле машинени токтото берген туура эмес. Посттун мааниси – милиция өкүлү да, машиненин айдоочусу да пост бар экенин сезип, иреттүү жүрүп, жоопкерчиликти сезип айдайт. Же өзүнө ишенбеген, мас абалындагы айдоочу ал жерге келгенде кынтыксыз айдоого аракет кылат. Ошондуктан, жол кыймылын көзөмөлдөөдө посттордун да таасири чоң.

Марал: — Мисалы, жол кырсыгы катталганда инспекторлор ыкчам жардам көрсөтүүнү билишеби? Анткени, алгачкы жардам менен да өмүрдү сактап калуу мүмкүн да…

Толкун Исаков: — Чындыгында, ар бир инспектор кырсыкка кабылган жаранга биринчи жардам көрсөткөндү билиши керек. Бирок иш жүзүндө мындайлар жокко эсе. Себеби, кадр тандоодогу критерийлерге көңүл бурулбай, тааныш-билиш аркылуу кызматка келгендер көп.

Ички иштер министрлигинин мурунку Коомдук Кеңешинин сунушу менен туристтик милиция ишке киришти. Бирок ал дагы башында биз көрсөткөндөй сунуштар менен эмес, адилетсиздик критерийлер менен түзүлүп калганын көрүп жатабыз.

Марал: — Cиздер кандай сунуш бердиңиздер эле? Туристтик милиция бир гана туристтердин коопсуздугу үчүн жооптуубу?

Толкун Исаков: — Туристтик милициянын милдети туристтердин коопсуздугун камсыздоого багытталат. Биз туристтик милицияга билимдүү, иш билги, чет тилдерди «семичкедей чаккан» кызматкерлер алынышы керек деген сунуш киргизгенбиз. Бирок учурда иш жүзүндө биз айткан идея өзгөрүп кеткен. Мисалы, туристтик милиция кызматкерлеринин айрымдары өз милдетин так билбейт, экинчиден казакча же өзбекче сүйлөсө эле чет тилин билет деп кызматка алынгандарын билебиз. Мындан башка да толгон-токой кемчиликтер болууда.

Copyright © 2017 Maral FM