Биз менен байланышыңыз

«Туристтик милициялардан орой мамиле жасабашын сурандык»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Июл 2019 | 1167 | 0

«Туристтик милициялардан туристтерди жакшы маанайда тосуп алуусун сурандык», — дейт ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

«Туристтик милицияларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Алардан бир эле нерсени: туристтерге орой мамиле жасабай жакшы маанайда тосуп алып, Кыргызстан тууралуу жакшы маалыматтарды берүүсүн сурандык. Ошондой эле, жол кыймылын бузган учурда сылык сөздөр менен түшүндүрүп, кечиримдүү мамиледе болуусун айттык. Жалпы 11ге жакын постту текшердик. Бүгүнкү күндө туристтик милиция иштеп жатат. Жыйынтыктар жакшы», — дейт Даутов.

Ошол эле учурда, бул тармактагы милициялар аз болуп жаткандыктан, Бостериге кызматкер жетишпей жатканын маалымдады. Белгилей кетсек, учурда Бишкекте 50, Ысык Көлдө 18 туристтик инспекция кызмат көрсөтөт.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында ИИМдин буйругу менен Туристтик милиция бөлүмдөрү түзүлө баштаган. Ошондой эле, министрдин буйругу менен аталган кызматтын милицияларына кочкул көк түстөгү форма, төш белги, билекке байланган көк түстөгү лента берилген.

Copyright © 2017 Maral FM