Биз менен байланышыңыз

Ошто туристтик милицияга кызматка чакырат

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 699 | 0

Ош шаарында туристтик милиция кызматына жарыяланган сынакка документтерди кабыл алуу жүрүп жатат. Ал август айына чейин уланат. Учурда эки талапкер документ берген. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ОШИИБ) кадрлар бөлүмүнүн ага испектору Данияр Амирбеков «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министринин буйругу менен Ош ШИИБинин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун карамагында туристтик взвод болуп ачылган.

«Учурда экинчи этабы өтүп жатат. 1-августка чейин документтер кабыл алынат. Сынак 1-августта башталат. Ага жогорку билимдүү, чет тилдерди, өзгөчө англис, кытай жана түрк тилдерин билген, эркектер үчүн аскердик милдет өтөгөн жана ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө талаптарына жооп берген, ошондой эле, 35 жашка толо элек, бою 1,68 — 1,70 метрден жогору жарандар катыша алат», — дейт ал.

Жалпы 20 офицердик бош орун бар.

Эске сала кетсек, бул экинчи этаптагы сынак. Буга чейин жарыяланган сынакка 24 талапкер катышып, анын 11и өткөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM