Биз менен байланышыңыз

ИИМдеги тазалануу: Жунушалиев жоопкерчиликти сезеби?

Күн чекит | 9 Сен 2019 | 1069 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, ИИМ өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек деген талап койду. Ал кызматын кыянаттык менен пайдаланган, кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистер реформаны илгерилетүүгө тоскоол болуп жатышканын айтып, аларга карата эң катуу чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.

«Милицияны карасанатай кызматкерлерден тазалоо аракети кандай болушу керек?» — деген суроонун айланасында ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: — Милициянын аброюн кетирген карасанатай кызматкерлерди тазалоо кандай ишке ашат, бул канчалык реалдуу?

Ялкун Даутов: — Бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок, көп жылдан бери айтылып келет. Ошондуктан тазалануу процесси сөзсүз болушу керек. Себеби, өзүңөр көрүп жаткандай, коомчулукта Ички иштер кызматкерлерине карата сын-пикирлер абдан көп.

Биз ИИМдин коомдук кеңеши милициянын катарын тазалоо боюнча 3-4 жылдан бери эле сунуштарды берип келебиз. Биринчиден, ички иштер түзүмдөрүнө кызматкерлерди ачык-айкын сынактык негизде алыш керек. Тандоо комиссиясына жарандык активисттер, көз карандысыз журналисттер жана башкалар катышуусу шарт. Мындан тышкары, милициянын айлык акысын кайра карап чыгыш керек. Ошондой эле ар кандай жаман иштерге байланыштуу, сөгүш, эскертүү алган милиция кызматкерин кайра жумушка албаш керек.

Марал: — Тазалануу процесси жөнүндө сөз болуп жатканда, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү баш болуп кызматтан кетиши керекпи?

Ялкун Даутов: — Бул абдан туура маселе. Жөнөкөй кызматкерлер эле эмес, башчыларды да кызматтан алыш керек. Коомчулуктагы кескин сындар, премьер-министрдин тазалануу боюнча койгон тапшырмасынан кийин, керек болсо, министр Кашкар Жунушалиев, анын орун басарлары да ойлонуп, катуу чара көрүшөт деп ишенем.

Бирок ошол эле учурда, ИИМде көрүлүп жаткан жакшы иштерди да белгилей кетиш керек. Ички иликтөө кызматы өзүнүн милдетин аткарып жатат, бир топ жылыштар да бар.

Марал: — Ошол эле учурда милициянын иштөөсүнө материалдык, техникалык жактан аз да болсо шарттар түзүлүп эле келе жатат. Ал эми реформа жасоонун жыйынтыгы эмнеге сезилбей жатат деп ойлойсуз?

Ялкун Даутов: — Баарыбызга белгилүү болгондой, реформа бир эле жылда жасалып кетпейт. Биз эгемендүүлүк алгандан бери эле реформа деп келебиз. Бирок эң негизги компонент — акча каражатынын жетишсиздиги. Мисалы, бүгүнкү күндө инспекторлор 7 миң сомдон баштап, 11 миң сомго чейин айлык алат. Башкы инспекторлордун айлыгы 15 миңден башталат. Бирок менин жеке оюмда, бул айлык аз болуп эсептелет.

Маселен, Грузияда жалпы укук коргоо органдарын реформалоого 3 млрд доллардан, 10 млрд долларга чейин акча бөлүнгөн. Бизде да бул тармакты реформалоого жакшы акча бөлүнүшү керек.

Мындан тышкары, милиция жаңыча иштеп, ак ниет менен кызмат кылууга өтүшү керек. Азыр коомдун да аң-сезими өзгөрүүгө бара жатат. Милициянын жалпы философиясы, психологиясы өзгөрсө гана жыйынтык болот.

Copyright © 2017 Maral FM