Connect with us

Эс алуу үчүн Мирбек Атабеков сунуштаган 8 өлкө

Блог | 30 Дек 2019 | 1914 | 0

Жаңы жылдан кийинки эс алууда ар ким ар кандай эс алат. Айрымдары үй-бүлөсү менен убакыт өткөрсө, кээ бирлери башка өлкөлөргө чыгып, эс алганды жактырышат. Биз бул тууралуу турист болуп жер кыдыргысы келгендер үчүн дүйнөнүн көп жерлеринде болуп көргөн ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдон кеңеш сурап көрдүк.

-Алгач барып эс ала турган өлкөлөрдү кантип аныктоо керек?

Ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүктөрү, өзгөчө маданияты бар. Ар кимдин табити ар кандай болот. Кээ бирлерине өлкөнүн тарыхы, архитектурасы жагат. Тарыхты жакшы көргөндөр Европага барса болот. Жаңы технологияларды көрөм дегендерге Дубайга барууну сунуш кылам. Эгерде экзотикага кызыккандар болсо, Кытай, Малайзия өлкөлөрүнө барганы жакшы. Жөн гана көл жээкке барып, күнгө күйөм дегендерге Мальдив аралдарына же Маямиге, же болбосо Въетнам сыяктуу өлкөлөргө баруусун сунуштайм. Бирок, менин оюмча, эң жакшы эс алуу деп өзүбүздүн эле тоолорго чыгып, лыжа тебүү эң сонун болсо керек. Ал эми жайкысын Суусамырга, Ысык-Көлдүн тоолоруна, Жалал-Абаддын курортуна барып эс алган бир керемет да.

-Буга чейин канча өлкөгө барып эс алып келдиңиз?

-Мен эсептей элекмин. Бирок, көбүнчөсү жумушка байланыштуу барып келем. Себеп дегенде көптөгөн мекендештерибиз ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алар азыркы учурда бир гана Орусия Кореяда, Европада эмес, керек болсо Дубайда да көп экен. Мекендештерибиздин чакыруусу боюнча концерт коюу максатында барамын. Акыркы жылдын эсеби боюнча 7-8 мамлекетке барып келдим.

-Эс алуу үчүн эң мыкты беш өлкөнүн атын айтып өтсөңүз.

-Эң биринчиси Кыргызстан, Франция, Германия, Бириккен араб эмираты, Корея, Испания, Австрия, Америка жана башкалар.

-Чет өлкөлөргө чыкканда эмнелерди эске алыш керек? Эч жакка чыга элек, биринчи жолу сапарга аттанам деген угармандарга, көрүүчүлөргө, замандаштарга кандай кеңеш бересиз?

-Бара турчу өлкө тууралуу маалыматты интернеттен бир сыйра карап, алдына ала пландаштырып, билеттерди эртерээк алып койгону жакшы. Себеби калк көп эс алган жерге саат сайын билеттин баалары кымбаттай берет. Мисалы: Биз Парижден Амстердамга чыгабыз деп, автобустун баасын интернеттен караганда, 10-15 доллар болчу, эки сааттан кийин алалы десек, 30 долларга чыгып кеткен. Жадагалса, эки сааттын ичинде ушундай өзгөрүүлөр болуп турат. Анткени эл көп, кыймыл көп болот. Ошондуктан ар бир нерсени алдын алуу керек, ар бир саатына чейин пландаштыруу бир топ чыгымдарды азайтат. Документтерге этият болуу керек, ар дайым бекем кармап жүргөн оң. Эң жакшысы — документти карточка аркылуу колдонгон дурус.

-2020-жыл келе жатат, мына ушул жылы кайсы өлкөгө эс алып барууну пландап жатасыз?

-Пландарым боюнча 2020-жылы көбүнчө Кыргызстанда эле болом. Себеби өзүмдүн чыгармачылыгыма, медиа ресурстарга байланыштуу көптөгөн пландар, иш-чаралар бар,. Анан убакыт болсо ушул Кыргызстаныбыздын эле жакшынакай жерлерине барып бир эс алып келсемби деп ойлоп жатам. Сары-Челекке барып, жаратылышка чыгып дегендей. Биздин өзүбүздүн эле кооз жерлерибиз көп. Ошондуктан Кыргызстанды эле кыдырсамбы деген оюм бар.

Эгер сиз кышкы эс алууга жолдомо уткуңуз келсе, төмөнкү шилтемеге кирип, конкурска катышыңыз.

View this post on Instagram

Кыштын так ортосунда, жайдагыдай ысык жакта эс алгыңыз келеби?☀️ 👉🏻👉🏻👉🏻 Анда бир гана Марал радиосунун инста-угармандары үчүн @travel_shop_bishkek менен биргеликте ТҮРКИЯГА жолдомо ойнотобуз! Шарттарыбыз өтө жөнөкөй: 1)@radio_maral, @travel_shop_bishkek баракчасына катталыңыздар! 2)Бул пост менен өзүңүздүн сторисиңизге жана лентанызга бөлүшүп, @radio_maral, @travel_shop_bishkek ти белгилеңиз. 3)@radio_maral, @travel_shop_bishkek тин акыркы 3 постуна лайк басыңыз. 4) Ушул постто комментарийге 3 досуңузду белгилеңиз. Оюндун жыйынтыгын 30- декабрда, саат 17:00до, random.org сайтынын жардамы менен түз эфирде жеңичүүнү аныктайбыз. Ошондой эле сиздин бул эс алууңуз үчүн керектүү болгон чемодан, шляпа, сумка, сүлгү, зонтторду да Марал радиосунда ойнотобуз. Кыскасы белектерибиз баарына жетет ))) Оюн учурунда баракчааңыз ачык болуусу зарыл! _________________ Друзья, у нас для вас прекрасная новость!☀️ Прямо сейчас стартует розыгрыш, где мы совместно с TravelShop разыграем путевку в Турцию на странице Instagram радио "Марал" Условия конкурса очень простые: 1) Подписка на страницы @radio_maral, @travel_shop_bishkek 2) Поделиться этим постом у себя в stories и на странице с отметкой @radio_maral, @travel_shop_bishkek 3)Поставить лайк на последние 3 поста @radio_maral, @travel_shop_bishkek 4) И последнее, отметь 3х друзей под этим постом, чтобы получить свой счастливый номер. Результаты розыгрыша объявим уже 30-декабря в 17:00, в прямом эфире, с помощью сайта random.org В период розыгрыша ваша страничка должна быть открытой!

A post shared by Марал радиосу📻 (@radio_maral) on

Конкурс 30-декабрь күнү саат 19:00дө түз эфирде болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM