Биз менен байланышыңыз

Ак-Суунун мыкты окуучуларына тоо лыжа базасында акысыз эс алуу уюштурулду

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 556 | 0

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караган 3 мектептин алдыңкы окуучулары Караколдогу тоо-лыжалык базасында акысыз эс алышты. Бул тууралуу Октябрь айыл аймагынын башчысы Бактыбек Акмолдоев билдирди. Анын айтымында, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 21 окуучу жана 6 мугалим лыжа базасында эс алды.

Мыкты окуган окуучуларга стимул берүү максатында демөөрчүлөр менен сүйлөшүп, аларга эс алуу уюштурууну демилгелегенбиз. Балдарды көзөмөлдөө үчүн ар бир мектептен эки мугалим барды. Жалпы 21 окуучу жана 6 мугалим жаратылыш койнунда эс алды, — дейт Бактыбек Акмолдоев.

Акмолдоев кимдер демөөрчүлүк кылганын айткан жок.

Copyright © 2017 Maral FM