Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Жайкы каникулда миңдей бала акысыз эс алат

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2019 | 640 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Марал» радиосуна берген маегинде көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу иш-чарларына мамлекеттик бюджеттен 5 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, жайкы каникулда миңдей бала акысыз эс алат. Балдарды ар бир облуста түзүлгөн комиссия аныктайт. Жарандык коомдун көзөмөлү үчүн эс алган балдардын аты-жөнү Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына илинет.

«Балдар 10-14 күндөн эс алат. Ал жерде шахмат, кол өнөрчүлүк үйрөтүлүп, спорттук иш-чаралар уюштурулат. Балдардын эс алуусуна бөлүнгөн 5 млн. сом аздык кылат. Кошумча каражат табылып калса, дагы миңдей бала эс алат. Жеке ишкерлер бир балага болсо да жолдомо алып берсе жакшы болмок. Анткени, өлкөдө муктаж 500 миндей бала бар. Кийинки жылдан тарта балдардын эс алуусуна бөлүнгөн каражатты 15 млн. сомго көтөрүү каралууда», — дейт Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 53 лагерь бар. Анын 18и мамлекетке карайт. Жакында Билим берүү министрлигинин сайтына лагерлер тууралуу маалымат жайгаштырылат. Ата-энелерге лагерлердин тизмеси, жайгашкан дареги, баалар жана байланыш номурлары жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ал эми балдарга жайкы эс алуу лагерлерин уюштуруу боюнча суроолорго жооп алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM