Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 458 | 0

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 10-июндан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, бул — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого байланыштуу болууда. Муну менен катар ШИИБдин кызматкерлери эл аралык саммитти өткөрүү алдында укук бузууларды жана борбордун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн комплекстик иш-чараларды өткөрүштү. Алдын алуу иштерине жалпы 800дөн ашык милиция кызматкери тартылган.

«Учурда шаардык милициянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, Бишкектин бардык аймактарында жарандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздап жатышат. Мындан тышкары, Криминалдык милиция кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, ШИИБдин кызматкерлеринин мобилдик посттору түзүлдү. Алар күнү-түнү иштешет. Мындай иш-чаралар укук бузууларды өз убагында аныктоого жардам берет», — деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM