Биз менен байланышыңыз

Милиция жаңы жылдык майрамда күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 498 | 0

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Кыргыз милициясы 30-декабрдан баштап 2020-жылдын 1-январына чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 28-декабрда баш калаанын эски аянтында ички иштер министрлигинин (ИИМ) гарнизондук саптык кароосу өттү. Анда милициянын кызмат өтөөгө жана кызматтык милдеттерин аткаруу даярдыгы, сырткы келбети, сапка атайын тартипте туруусу текшерилди.

Милиция жаңы жылдык майрам алдында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүп жатат. Өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат.

Иш-чарада министр Кашкар Жунушалиев сөз сүйлөп, өтүп бара жаткан жылда өлкө жашоосунда бир катар маанилүү окуялар болгондугун, жарандардын бейпилдигин жана коопсуздугун камсыздоодо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоодо, коомдо туруктуулукту сактоодо жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө ийгиликтердин болгондугун баса белгиледи.

Министр ошондой эле ИИМде бир катар реформалык аракеттер ишке ашкандыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM