Биз менен байланышыңыз

«Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасы сүмөлөк менен башталды

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 565 | 0

Бүгүн расмий башталган «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары шаар мэринин атынан даярдалган сүмөлөктү ачуу шааниси менен башталды.

Анда сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, анда айтылуучу каалоо-тилектер келген конокторго маалымдалды.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Калган иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM