Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталган чиновниктер абакка кесилди

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 420 | 0

Бишкектин жылуулук электр борборундагы коррупциялык ишке байланыштуу айыпталгандарга карата сот өкүмүн чыгарды.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун кечээ 19-апрелде чыгарган өкүмүндө Айбек Калиевди 2,6 жылга кесип, 100 миң сом айып пул салды. «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун мурдагы генералдык директорун 4 жылга кесип, 150 миң сом айып пул салды. Ушул эле коомдун мурдагы төрага орун басары 8 жылга кесилип, 150 миң сом айып пулга жыгылды. Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары Нурлан Садыков 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айып пул төлөй турган болду. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркулов 4 жылга кесилип, 150 миң сом айып пулга жыгылды.

Айып пулдан сырткары сот күнөөлүү деп табылгандарды мамлекетке 3 млн. 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM