11-апрелде Ат-Башы суусуна түшүп кеткен 5 жаштагы Барсбек Бектемиров жансыз абалда табылды. Анын сөөгү сууга түшүп кетти деген жерден 13 чакырым алыстан чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМдин маалыматында, бала 19-апрель күнү чак түштө Чүй дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган.