Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Ооганстандын министри Салахуддин Раббанини кабыл алды

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 455 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ооган Ислам Республикасынын министри Салахуддин Раббанини кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы министрдин Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары кыргыз-ооган кызматташтыгын бекемдеп, аны жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрөрүнө ишенимин билдирди. Сооронбай Жээнбеков Ооганстан элин эгемендиктин 100 жылдыгы менен куттуктап, «Биз Ооганстандын Президенти Ашраф Ганини июнь айында Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйынында күтөбүз. Бизде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген сөз бар. Ооганстан биз үчүн жакын кошуна, дос мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш», — деди.

Министр Салахуддин Раббани сапарынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

«Биз эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстан Ооганстандын позицияларын колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Ооганстан да дайыма Кыргызстандын позицияларын колдойт деп ишенсеңиздер болот», — деп белгиледи министр.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани ошондой эле аймакта коопсуздукту камсыздоо маселелерин, Ооганстандагы этникалык кыргыздарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги боюнча маселелерге токтолушту.

Copyright © 2017 Maral FM