Биз менен байланышыңыз

ЖАМК Лимонтинин абактагы жайы тартылган видеону көрсөттү (видео)

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 893 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Лимонти каймана аты менен таанымал крим чөйрөнүн атактуу өкүлүнүн абактагы «люкс камерасы» тууралуу социалдык тармактарда тараган видео боюнча комментарий берди.

«Жакында эле социалдык тармактарда Лимонти каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановдун абактагы «люкс камерада» жаза мөөнөтүн өтөп жатканы тууралуу видеоматериал тараган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий түрдө билдирет», — деп айтылат ЖАМКтын маалымат бөлүмүнүн билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, видеодо көрсөтүлгөн «люкс камера» №1 түзөтүү жайынын эркинен ажыратылгандар менен алардын туугандарынын жолугушуучу бөлмөсү болуп саналат.

«Алмаз Сулайманов өзү ушу тапта №16 түзөтүү колониясында кармалууда. Учурда ал киргизилген жатак жай тартылган видеону сунуштайбыз», — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM