Биз менен байланышыңыз

Экс-депутаты Максат Кунакунов абактан бошотулду

Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 570 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов эркиндикке чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алган. Жаза аткаруу кызматынын маалымат бөлүмү билдиргендей, экс-депутат мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Сот Кунакуновдун ишин жаңы мыйзамдардын негизинде 12-июлда караган.

Экс-депутат 2015-жылы “террорчулукка көмөктөш болгон, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо» өңдүү айыптар менен камакка алынган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM