Биз менен байланышыңыз

СИЗО-1дин кызматкерлери COVID-19га тесттен өтүшөт

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 580 | 0

Бүгүн, 7-майда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) СИЗО-1 мекемесинин кызматкерлери коронавирус илдетине карата тесттен өткөрүлөт. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин СИЗО-1 мекемесинин кызматкеринен коронавирус аныкталган деген маалыматты ЖАМК четке кагат.

Такталгандай, 4-майда СИЗО-1дин кызматкерлери экспресс-тесттен өткөрүлүп, бир кызматкерде аталган оору болушу мүмкүн деген шек жаралган. 5-майда кайра тапшырган анализдин жыйынтыгы «таза» деп көрсөткөн.

Байланышкан болушу мүмкүн деген бардык адамдарга жана СИЗО-1дин бардык өздүк курамына карата зарыл чаралар өткөрүлдү. Баары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү таза чыгышты. Учурда вируска шектелген кызматкер обочолонуп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Планга ылайык бүгүн, 7-майда, СИЗО-1дин кызматкерлери дагы тесттен өтүшөт, — деп билдирет ЖАМКтын маалымат кызматы.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым укук коргоочулар СИЗО-1дин кызматкеринен коронавирус чыкканын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM