Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Диний экстремисттик уюмдун тарапкери жихаддык идеологиядан баш тартты»

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 517 | 0

Диний экстремизмдин идеологиясын жайылтууга шектелип 3 жылга эркинен ажыратылган Т.Д. аттуу 49 жаштагы жаран жолунан кайтып, жихаддык идеологиядан өз каалоосу менен баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.

Ош шаарынын тургуну Т.Д. өкүнүп, өзүнүн утопиялык мүнөздөгү катачылыгын мойнуна алып, бул идеологияны толугу менен пайдасыз деп тааныганын билдирди. Ал ошондой эле, өлкөнүн калкына, айрыкча, жаштарга кайрылып, бул диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болууга жана анын ишине катышпоого чакырат.

Т.Д. 2019-жылдын апрель айында Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган.

УКМК менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы биргеликте террористтик жана экстремисттик уюмдарынын азыркы убакта түрмөдө отурган мүчөлөрүн экстремисттик идеологиядан баш тарттыруу максатында активдүү иш-чараларын улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM