Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 947 | 0

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Адамкул Жунусов Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 2018-жылдын 4-декабрында Азербайжандын Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Эске салсак, Адамкул Жунусов  Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде ошол кездеги өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM