Биз менен байланышыңыз

Баткен: Эки миллион сомдук мыйзамсыз ташылган товар кармалды

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 2568 | 1

Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылында “А.Ш.Б.”, аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы чиркегичи бар “Мерседес-Бенц 1840 LS 4x” үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 14 тонна кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1 млн 900 миң сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM