Биз менен байланышыңыз

39 тонна мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиш кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 528 | 0

“Баткен-Ош-Исфана” автоунаа жолунда “Н.Н.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп текшерилген учурда жалпы салмагы 21 тонна 902 кг болгон кургатылган жемиштер табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кармалган товардын жалпы баасы 1 млрд 801 миң 725 сомду түзөт.

Ошондой эле, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын аймагында “К.К.” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү чиркегичи бар таранспорт каражатын токтотуп текшерген. Жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 17 тонна 260 килограмм болгон 432 кап  кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604 миң 800 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM