Биз менен байланышыңыз

Абактарда жолугушууларга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 222 | 0

Кыргызстанда эркинен ажыратылгандар жана убактылуу кармоочу жайга камакка алынгандар менен жолугушууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Буга чейин аталган кызмат камактагыларга тамаш-аш берүүгө убактылуу чектөө киргизилгенин айткан.

Учурда коронавирустун алдын алуу боюнча тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Түзөтүү жайларында санитайзерлер жана абаны тазалоочу каражаттар орнотулууда. ЖАМКтын мекемелеринин кызматкерлери жана мекемеге келгендер дезинфициялоочу каражаттар жана медициналык беткаптар менен камсыздалган, — деп айтылат билдирүүдө.

ЖАМКтын түзөтүү жайларында азыркы тапта тамак-аш азыктары, медикаменттер жана зарыл каражаттар жетиштүү экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM