Биз менен байланышыңыз

Кайсы ишмердүүлүктөргө чектөөлөр калтырыла турганы айтылды (тизме)

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1039 | 0

Ушул жылдын 1-июнунан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруунун максатка ылайыктуулугу байкалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

Copyright © 2017 Maral FM