Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматы эл аралык форум өткөрөт

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 516 | 0

17- сентябрда саат 9.00дө «Борбор Азия: Заманбап чакырык жана пенитенциардык системадагы тобокелчиликтер» аталышындагы эл аралык илимий-тажрыйбалык форум өтөт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Форум Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абактарына агартуу саясатын иштеп чыгуу, террордук багыттагы жана экстремисттик мүнөздөгү идеологиянын түрмөдөгүлөргө жайылышына бөгөт коюу, эркинен ажыратылгандарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана алардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин коомчулукка аралашуусуна жардам берүү максатын көздөйт.

Иш-чарага Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын Жаза аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү конок катары чакырылган. Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдөн келген серепчилердин катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM