Биз менен байланышыңыз

Телефонду капустага ороп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 991 | 0

Телефонду капустага ороп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, капустага катылган телефон менен кубаттагычын О. Н. аттуу өмүр бою эркинен ажыратылган жарандын жакыны алып кирүүгө аракет жасаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

ЖАМК мыйзамга каршы аракеттерге барган жарандар катуу жоопко тартыларын эскертет.

 

Copyright © 2017 Maral FM