Биз менен байланышыңыз

Нотр-Дамды оңдоого миллиард евро топтолду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 614 | 0

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоп-түзөөгө миллиард евро чогулду. Бул тууралуу «Le Parisien» гезити билдирген.

Маданият минстри Франк Риестер өзүнүн Твиттердеги баракчасында акча которуу үчүн ишенимдүү эсеп порталын жарыялаган болчу. Жергиликтүү басылманын маалыматына ылайык, топтолгон каражаттын көпчүлүк бөлүгүн чоң компаниялар жана министрликтер которушкан.

Орусия президенти Владимир Путин да калыбына келтирүү үчүн кесипкөй адистерди жиберерин билдирген.

Чиркөөдөгү өрт 15-апрель кечки саат 9дарда башталып, тездик менен айланага жайылган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түшкөн.

Франция президенти Эммануэль Макрон 5 жылдын ичинде тарыхый имаратты калыбына келтирүүгө убада берген.

Copyright © 2017 Maral FM