Биз менен байланышыңыз

Казакстан президенттик шайлоого 9,4 млрд. теңге бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 845 | 0

Алдыдагы президенттик шайлоо үчүн Казакстан 9,4 млрд. теңге бөлөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Каржы министри Алихан Смаилов кабарлады.

Сумманын негизги бөлүгү шайлоо участкаларын уюштурууга, андагы кызматкерлердин иш акысына жумшаларын билдирди.

Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта отставкасын жарыялаган. Президенттин милдетин аткаруучу болуп Парламенттин мурдагы төрагасы Касым-Жомарт Токаев бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM