Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү май алып өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 436 | 0

«Чоң-Капка-Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстандан Кыргызстанга ири өлчөмдө күйүүчү май алып өтүүгө аракет жасаган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда алынып келе жаткан 30 тоннага жакын күйүүчү жана майлоочу май документине дал келбей калган.

Аталган иш боюнча шектүү жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM