Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Париждеги өрт кырсыгына байланыштуу Франция президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу бүгүн, 16-апрелде Франциянын президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызмат билдирди.

Мамлкет башчынын телеграммасында Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын, Нотр-Дам-дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан, Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM