Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан жогорку окуу жайдын биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
14-апрелден 15-апрелге караган күнү милиция батальонунун кызматкерлери ишке чыгышкан. Болжол менен саат 20:15тер чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын имаратынын чыгыш тарабында жайгашкан кампалардын ичинен жыйылып турган темирлерди уурдап бара жаткан жаранды кармашкан.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын 1970-жылы туулган Л.М. аттуу тургуну болгон.
Ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.