Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов «Белизгейт» ишин ачыкка чыгарууга чакырды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 645 | 0

Депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурорду «Белизгейт» боюнча документтерди ачыкка чыгарууга чакырды.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде башкы прокурор 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштери тууралуу отчет берип жатканда айтты.

Депутат белгилегендей, «MegaCom» компаниясынын акциялары тууралуу Белизден келди делген документтер боюнча кылмыш иши козголбогон күндө да, мамлекеттик жашыруун сыр болбогондон кийин ал ачыкка чыгууга тийиш.

Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, «MegaCom» компаниясынын акциялары боюнча материалдарга буга чейин Башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилген, бирок документтерге «жашыруун» белгиси коюлуп калган, ал азырынча алынып салына элек.

Copyright © 2017 Maral FM