Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан немис фермерлерден тажрыйба алса болот

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 908 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Германияда расмий сапарынын алкагында бүгүн 16-апрелде Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, андан соң федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолугат.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, дипломатиялык алака, экономика, өнөр жай, билим берүү, туризмди өнүктүрүү, соода-экономикалык карым-катыш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Мюнхен шаарындагы «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болгон.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, фермада биогазды иштеп чыгуунун жаңыча үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Сооронбай Жээнбеков ишкананын ишин кызыгуу менен карап, Кыргызстанда энергиянын жаңыланган булактарын пайдалануу жөндөмү ачыла электигин, бул боюнча Кыргызстан тажрыйба алса боло турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM