Биз менен байланышыңыз

«Америка ыры — 2019» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

12-апрель күнү «Америка ыры — 2019» сынагынын жеңүүчүлөрү Асанбай маданий көңүл ачуу борборунда гала-концерт беришти. Аталган иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен өткөнүн элчиликтен маалымдашты.

Сынакка Бишкек шаарындагы 113 мектептен жана Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан миңден ашуун окуучу катышып, ар бир аймактан үчтөн окуучу жеңүүчү аталган.
«Сынак мугалимдердин жана окуучулардын анлис тилин терең үйрөнүүсүнө багытталды, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Американын музыкасы менен таанышуусуна өбөлгө болду«, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM