Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Дагы кайсы жолдорго камералар коюлду?

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 989 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 15-апрелден тарта республиканын жолдорунда 16 аппаратттык-программалык комплекс толук режимде ишке кирет.

Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлагандай, эки комплекс Бишкек шаарынын С. Ибраимов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүндө, мындан сырткары Чүй облусунун автожолдорундагы 14 жайга орнотулду. Атап айтканда:

Бишкек—Ош, 154,3-чакырым;

Бишкек—Ош, 160-чакырым;

Бишкек—Чалдовар, 61,6-чакырым, Кара-Балта шаары, «Мээрим» дүкөнүнүн бет маңдайында;

Бишкек—Чалдовар, 66-чакырым, Алексеевка айылы;

Бишкек—Чалдовар, 67,3-чакырым, Вознесеновка айылы;

Бишкек—Чалдовар, 74-чакырым, Панфиловка айылы;

Бишкек—Чалдовар, 78,2-чакырым, Панфиловка айылы;

Бишкек—Торугарт, 17,7-чакырым, Киргшелк айылы, «Газпром» май куюучу түйүнүнүн жаныда;

Бишкек—Торугарт, 18,8-чакырым, Люксембург айылы, «Бишкек Петролеум» май куюучу түйүнүнүн жанында;

Бишкек—Торугарт, 20-чакырым, Люксембург айылы, Ленин жана Западная көчөлөрүнүн кесилиши;

Бишкек—Торугарт, 25-чакырым, Кант шаары, «Газпром» май куюучу түйүнүнүн бет маңдайында;

Бишкек—Торугарт, 31,7-чакырым, Красная-Речка айылы,;

Бишкек—Торугарт, 39,8-чакырым, Ивановка айылы, Ленин көчөсү 238;

Бишкек—Торугарт 47-чакырым, Дружба айылы, Ленин жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;

Тийиштүү мамлекеттик органдардын сертификаттары алынгандан кийин Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө ишке киргизилет:

Манас проспектиси —Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилиши;

Чүй проспекти;

Манас проспектиси;

Чүй —Павлов көчөсүнүн кесилиши;

Жибек Жолу — Манас проспектисинин кесилиши;

Махатма Ганди — Боталиев көчөсүнүн кесилиши;

Жибек Жолу проспектиси;

Курманжан Датка көчөсү;

Ахунбаев — Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши;

Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсү;

Байтик Баатыр — Горький көчө кесилиши;

Мамлекеттик келишимге ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын алкагында 110 аппараттык-программалык комплекстин баары 12-майга чейин орнотулуп бүткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM