Биз менен байланышыңыз

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн казак жарандары кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 521 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген казак жарандарын колго түшүрдү. Кармалгандар сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн УКМК органдарына өткөрүлүп берилди.

Окуя 2019-жылдын 12-апрелинде болгонун Улуттук коопсуздук комитети бүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын 3 жараны чек арадагы өткөрмө пунктунан сырткары жерден Кыргызстанга өтүп баратканын байкап калган кыргызстандык чек арачылар дароо токтотушкан.

УКМК менен Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдөгү мыйзамсыз фактыларды аныктоо боюнча Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) аркылуу жигердүү иш алып барып келет.

Анын жыйынтыгында, 2019-жылдын башынан бери 25тен ашык чет элдик жаран Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталып кармалган.

Азыркы учурда КР Өкмөтү тарабынан тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM