Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Doing Business-2019 рейтингинде 70-орунду ээледи

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 440 | 0

Кыргызстан «Doing Business-2019» рейтингинде 70-орунду ээлеп, көрсөткүчтөрү 7 позицияга жогорулады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеп, «Бизнес жүргүзүү – 2018» отчётуна салыштырганда көрсөткүчтөрү 7 позицияга жогорулаган.

Глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүк жөнүндө 2018-жылдагы отчёттун жыйынтыктары боюнча Кыргызстан ушул индекс менен позициясы өткөн жылга салыштырмалуу 5 орунга жогорулаган, отчёттук мезгилде изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн саны 140 мамлекетти түзгөн.

Мындан тышкары, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, алардын укуктук корголушун камсыздоо, мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү максатында, ошондой эле жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында 1-январдан тартып ишкердик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилген.

Мораторийдин күчү төмөнкү текшерүүлөргө жайылтылбайт:

— жазык, административдик жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагындагы;

— ишкердик субъекттердин арыздары боюнча;

— башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

— калктын ден соолугуна, өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген фактылар боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;

Copyright © 2017 Maral FM