Биз менен байланышыңыз

Эртең Кыргызстанда өндүрүлгөн беткаптар сатыкка чыгат

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 887 | 0

Бир катар кыргызстандык компаниялар медициналык беткаптарды өндүрүүнү баштады, алар жакынкы күндөрү өлкөнүн дарыканаларына түшө баштайт. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылган.

Айрым дарыканаларда медициналык беткаптардын жоктугу өндүрүүчү өлкөлөр (кыргызстандык компаниялар Кытай, Орусия, Казакстандан импорттошкон) коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу беткаптарды ташып чыгарууга тыюу салышканынан улам болууда.

Өкмөттүк аппараттан билдиргендей, Бишкекте чыгарыла баштаган беткаптар 16-марттан баштап аптекаларда сатыла баштайт.  Беткаптар баардык медициналык нормаларга жооп берет жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен тиешелүү лицензия алынган.

Налажено производство масок в г. Бишкек, маски до понедельника поступят в столичные аптеки!

Опубликовано Alymbek Orozbekov Суббота, 14 марта 2020 г.

 

Copyright © 2017 Maral FM